Кыргызстандын туризмине салынган инвестициялар бир жылда дээрлик 8 эсеге өстүБишкекте Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоого жабылатЭми «Түндүк» тиркемесинен бардык эмдөөлөр тууралуу маалыматтарды алууга болотБишкекте «Манас» аэропортуна баруучу жолдун бир тарабы убактылуу жабылатМинистрлер кабинетинде кыргыз тили боюнча тестирлөөнү кеңейтүү тапшырылдыКытай кыргызстандыктар үчүн визасыз режимдин эки жаңы түрүн киргизди
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан А.Сапиев Ысык-Көлдөн табылды
08.06.2024 | 13:37
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 24 жаштагы Ажымурат Сапиев аман-эсен табылды. Бул тууралуу Окябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ажымурат Сапиев 8-июнда Ысык-Көл облусунун аймагынан табылган.
Буга чейин 5-июнда милицияга Сапиевдин апасы кайрылып, уулу 4-июнда 11-кичирайондогу үйүнөн чыккан бойдон кайра келбегенин билдирген.
Коопсуздук максатында милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү-профилактикалык сүйлөшүү иштери жүргүзүлдү.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар