Кара-Балтада уруштан кийин аял күйөөсүн бычактап, андан кийин уктап калган

12.03.2026 | 11:12

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында өз жолдошун өлтүрүүгө шектелип 58 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-март саат 12:20 чамасында милиция бөлүмүнө У.В. аттуу аял кайрылып, Космонавттар көчөсүндөгү үйүндө күйөөсүн өлтүрүлгөнүн кабарлаган. Окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу жөнөгөн.

Окуя 11-мартка караган түнү болгон. Жубайлар спирт ичимдиктерин ичип отурушуп, ортодо чыр чыккан. Тергөөнүн маалыматында, күйөөсү аялды кемсинтип, ага психологиялык басым көрсөтө баштаган. Ошол учурда шектүү ашкана бычагын алып, диванда жаткан күйөөсүнүн моюн тушуна сайган. Алган жаракатынан улам жаран окуя болгон жерде жан берген.

Окуядан кийин аял буюмдарын даярдап, андан кийин уктап калган. Ал эми эртең менен сөөктү кире беришке сүйрөп чыгып, андан соң 102 кызматына чалган. Кылмыш болгон жерден бычак далил катары алынып, маркумдун сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Scroll to Top