Кара хиджаб кийген Финансы министри коомчулуктун талкуусуна түштү

Кара хиджаб кийген Финансы министри коомчулуктун талкуусуна түштү

Президент Сооронбай Жээнбековду Сауд Арабиясына коштоп барган Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын кара хиджабчан сүрөтү коомчулуктун талкуусуна түштү.

Социалдык тармактын колдонуучулары кара кийим жамандыктын жышааны экенин айтышып, министрдин улттук кийим кийбегенин сынга алышууда.

Ал эми Финансы министрлиги бул жагдайга төмөнкүчө түшүндүрмө берди.

«Сауд Аравиясында кабыл алынган дресс-кодго ылайык, конокко барган аялдар денесин толук жапкан кий кийим кийишет. Финансы министри дипломатиялык этиканы карманат жана кабыл алуучу тараптын маданиятын, салт-санаасын жана диний өзгөчөлүктөрүнө сый мамиле кылат”, — деп билдиген министрлик.

Президент Сооронбай Жээнбеков  15-декабрда расмий визит менен Сауд Арабия Королдугуна барган.

Аны Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Кыргызстандын  Сауд Арабия Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдулатиф Жумабаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Бакыт Төрөбаев, Акылбек Жапаров, Искандер Гаипкулов, Курманкул Зулушев, Төрөбай Зулпукаров, Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, Экономика министри Санжар Муканбетов, Аайыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев коштоп жүрөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>