Кара-Кулжада 5,4 МВт кубаттуулуктагы кичи ГЭС курулат

03.11.2025 | 14:38

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кулун дарыясында кубаттуулугу 5,4 МВт болгон кичи ГЭС курулат. Бул инвестициялык долбоор Азербайжан-кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин жыйында жактырылды.

Экономика министрлигинин маалыматында, жыйын 30-октябрда  Бишкек шаарында Азербайжандын экономика министринин биринчи орун басары Элнур Алиевдин төрагалыгынын астында өткөн. Ага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышкан.

Маалыматка ылайык, кичи ГЭСти куруу долбоорунун жалпы наркы 5,2 млн долларды түзөт. Анын ичинен 2,5 млн доллар Азербайжан-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат. 

“Долбоорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн өнөр жай потенциалын чыңдоого, импорттон көз карандылыкты азайтууга жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоого мүмкүндүк берет”,- деп айтылат маалыматта.

Scroll to Top