Кара-Кулжада мектеп толугу менен күйүп кетти — видео

Кара-Кулжада мектеп толугу менен күйүп кетти — видео

Кара-Кулжа районунун Коо–Чаты айылындагы Сагындык атындагы орто мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу reporter.kg`ге  мектеп директору Карыбек Макенов билдирди.

Директордун айтымында, өрт 17-февраль күнү  кечки саат 11 чамасында чыккан.

“Өрт электр зымдарынын туташуусунан улам чыккан окшойт. Өчүрүүгө аракет кылдык бирок, мүмкүн болгон жок. Бактыга жараша мекетптин жанындагы китепканын сактап калдык. Азыр окуучуларды бош үйлөргө окутуу боюнча үйлөрдүн ээлери менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз”, — деди Макенов. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>