Кара-Сууда 7 жашар кызга ыплас аракеттерди жасаган шектүү кармалды

Кара-Сууда 7 жашар кызга ыплас аракеттерди жасаган шектүү кармалды

Кара-Суу районунда 7 жаштагы кызды зордуктаган 26 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Окуя, 9-апрель күнү саат 20:00 чамаларында Кара-Суу районунун Кайрагач айылында болгон. Анда 7 жаштагы Н.А. аттуу жашы жете элек кыз Кайрагач айылынын талаасы аркылуу үйүнө кетип бараткан учурда 26 жаштагы Н.уулу.А. зордуктап, жаш кыз Ош облустук төрөт үйүнө оор абалда жеткирилген.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, жабырлануучуга жана кылмышка шектүүгө тийиштүү далил буюмдар алынган. Анын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылынын 26 жаштагы тургуну Н.уулу.А. экендиги аныкталып, Кара-Суу районунун Садирбай айылында туугандарынын үйүндө жаткан жеринен кармалган.

Ал өзгөчө оор кылмыш ишин жасагандыгын толугу менен моюнуна алып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Ал эми жабырлануучу 1-класстын окуучусу болгон. Учурда таенесинин колунда тарбияланып жатканы, апасы Орусияда эмгектенип жүргөндүгү айтылат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>