Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Кара-Сууда 320 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
30.03.2022 | 13:15
Ош облусунун Кара-Суу районунун прокуратурасы жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын текшерди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Суу филиалынын кызмат адамдары тарабынан 2016-жылы Шарк айыл аймагынын Ачы массивинде жайгашкан 127 га жер тилкесине жеке менчик укугуна мыйзамсыз документтер берилгени аныкталган.
Көрсөтүлгөн жер тилкесине укук белгилөөчү документтерди жараксыз деп табуу үчүн прокуратура тарабынан сот органдарына доо арыздар берилип, кароонун жыйынтыгы боюнча алар толугу менен канааттандырылган.
Көзөмөл органынын прокурордук чара көрүү актысынын негизинде 320 миллион сомдук 127 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом