Кара-Сууда интернет аркылуу терроризмге үгүттөгөн адам кармалды

Кара-Сууда интернет аркылуу терроризмге үгүттөгөн адам кармалды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда интернет аркылуу экстремизм менен терроризмге үгүттөгөн 31 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Кармалган адам апрель айынан бери Сириядагы согушка катышып жүргөн“Абдуллох Сурока” аттуу атуул менен байланышта болуп, Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагындагы айрым адамдарга террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө карата үгүттөө иштерин жүргүзүп турган.

Шектүүнүн үйүн тинтүүгө алганда мыйзамсыз сакталган ок-дарылар, телефондор жана  акча каражаттары табылан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иштер башталды.

Кармалган жаран убактылуучу кармоо жайына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>