Кара-Сууда жылына 50 млн кыш чыгара турган ишкана салынууда

Кара-Сууда жылына 50 млн кыш чыгара турган ишкана салынууда

Ош облусунун Кара-Суу районунда «Таза-Көмүр» компаниясы тарабынан ири кыш ишканасы салынууда. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Аталган ишкана бышкан кыш жана көмүрдү кайра иштетип чыгарат. Анын курулушу толук аяктап, ишке кириши менен 250-300 жумуш орун түзүлүп, жергиликтүү эл жумуш менен камсыз болот. Жылына 50 млн кыш чыгарылып турат.

Заводдун курулушу 2024-жылдын башында башталган. Инвесторлор ишкананы салууга 810 млн сом жумшаган.

18-ноябрда облус башчысы Элчибек Жантаев жана экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев ишкананы көрүп чыккан.

Рубрики: КООМ
Тэги: ишкана Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>