Кара түтүндөн тумчуккан Бишкек шаары – сүрөттөр

Кара түтүндөн тумчуккан Бишкек шаары – сүрөттөр

Кыштын келиши менен Бишкек шаарынын үстүн кара түтүн каптап турган сүрөттөр социалдык тармактарда тарап жатат.

Сүрөтчү Сергей Пак кара түтүнгө оролгон шаардын асмандан тартылган сүрөттөрүн өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.

Экологдор жыл сайын суук түшөрү менен шаарды кара түтүн каптап, абадагы булганыч заттардын көлөмү нормадан ашып түшкөнүн байма-бай айтып келишет. Алардын пикири боюнча, бул кара түтүндүн пайда болушунун бир чече себеби бар.

Авто унаалардан бөлүнүп чыккан газдар, борбордук ЖЭбден чыккан түтүн, жер үйлөрдө жагылган от жана таштандыны өрттөө абанын булгашынын негизги себеби катары айтылып келет.
[su_image_carousel source=»media: 50296,50297,50298,50299,50300,50301,50302,50303″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>