Мектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазуудаТүштүк Кореянын колдоосу менен Улуттук госпиталдын жаңы корпусу курулат
Караколдо азык-түлүк саткан дүкөн өрттөнүп кетти – сүрөт
14.03.2022 | 10:24
Кечээ, 13-март күнү Каракол шаарынын Жапаров көчөсүндө жайгашкан “Алтынбек” азык-түлүк сатуучу дүкөнү өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жерине ӨКМнин үч өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Аталган дүкөндөн чыккан өрт жанында жайгашкан “Эльмира” дүкөнүнө өткөн.

Жалпы өрттүн аянты 450 чарчы метр, 15 даана пластика терезе жана дүкөндөрдүн ичинде жайгашкан азык-түлүктөр күйгөн.

Өрт саат 10:08 чектөөгө алынып, толук саат 12:40 өчүрүлдү.
Өрт электр зымдарынын кыска чынаалуусунан келип чыккан.
Жабыркагандар жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом