Доллардын курсуна жараша дары-дармектин баасы өсүшү мүмкүнбү? Жооп

Доллардын курсуна жараша дары-дармектин баасы өсүшү мүмкүнбү? Жооп

Доллардын курсунун жогорулушунан улам дары-дармектердин баалары көтөрүлүп жатат. Дагы көтөрүлүп кетпейби кандай аракеттерди кылып жатасыңар? Мындай суроону  Жогорку Кеңештин Винера Раимбачаева комитет жыйында Дары-дармек департаментинин жетекчиси Нурдин Кагаздиевге берди.

«Ар дайым мониторинг жүргүзүп, көзөмөлгө алып турабыз. Дүңүнөн дары саткан компаниялардан беш, алтоо эле бар. Чоң-чоң дарыканалар менен да сүйлөшүп турабыз. Эми көтөрүлүп кетпеши керек. Көтөрүлсө да долларга байланыштуу кичине көтөрүлүшү мүмкүн.  Атайын токтомго ылайык, 405 дары-дармекке дүң жана чекене бааларын көзөмөлгө алуудабыз. Эгерде, биз койгон баадан ашып кете турган болсо, аларга чаралар көрүлөт. Айыптар салынат. Азыр ушул кырдаалга байланыштуу Фармацевтикалык ассоциация дары-дармектердин баасын көзөмөлдөбөй тургула деп суранып жатышат. Анткени бизде мамлекеттик дарыканалар жок болгондуктан, жеке менчик дарыканалар өзүлөрүнө пайда түшпөсө дарыларды алып келбей коюшу мүмкүн, ошол себептен 5 айга чейин көзөмөлдү токтото турсакпы деп, ушул жагын карап жатабыз»- деди Кагаздиев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>