Караколдо окуучу кызды классташы сабаган окуя: мектеп жетекчилерине сөгүш берилди

1-октябрда социалдык тармактарда Каракол шаарындагы мектептердин биринде классташ баланын кызды тепкилеп жаткан видеосу тарады.
Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматына ылайык, бул окуя боюнча арыз 28-сентябрда түшкөн. Арыз ээсинин айтымында, 2012-жылы туулган небересин 2-мектептин окуучусу сабап, тепкилеп салган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Облустук администрациянын билдирүүсүндө, окуучу баланын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүм экени жана учурда үй-бүлөлүк окууга өткөрүлгөнү белгиленди. Ал эми окуучу баланын апасы коомчулуктан кечирим сурады.
Ал эми Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, окуяны Каракол шаардык билим берүү бөлүмү түзгөн комиссия иликтеп жатат. Мектепке Ысык-Көл мамлекеттик университетинин психологдору тартылды.
Окуя боюнча мектеп директоруна, класстан тышкаркы иштерди уюштуруучуга жана социалдык педагогго сөгүш берилди.