Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
БШК: Шайлоого катышуу үчүн 7 талапкер арыз берди
03.10.2025 | 10:25

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу боюнча БШКга жети талапкерден арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.
Күн мурун талапкерлигин өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Элвира Сурабалдиева, Ахмеджан Мамадумаров, Азамат Абсатаров, Мураталы Керимбаев, Асел Набиева, Улукбек Карыбек уулу жана Болот Ибрагимов арыз тапшырган.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 90 депутаты 5 жылдык мөөнөткө 30 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат. Ар бир округдан үчтөн депутат мандат алат. Шайлоочу бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом