«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Караколдо тергөөчү аялдын паспортун алып бербей койгон – видео
15.02.2022 | 17:50
Reporter.kg сайтына Каракол шаарынын тургуну Елена Калмыкова тергөөчү Нурмат Акуновго нааразылык билдирди.
Тергөөчү анын документ бербей жатканын айтты.
Еленанын айтымында, алар кошунасы менен уруша кетишкен. Андан соң кошунасы анын үстүнөн милицияга арыз жазган. Арыздын негизинде ал милиция бөлүмүнө келген.
«Тергөөчү паспортумду алып, кайра бербей жатат. Кошунанын экспертизасынын жыйынтыгы менен таанышмын деп кол коюшумду талап кылды. Иш бөлмөнүн эшигин жаап, түрмөгө камайбыз деп коркутушту. Мен РИИБдин имаратынан чыксам, ал мени дарбазадан кууп жетип, паспорт салган капчыгымды берди. Анын ичинде паспортум жок экен», – деп нааразы болду Елена.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом