Казакстанда кармалган Кыргызстандын эки жараны дагы деле бошотула элек

Казакстанда кармалган Кыргызстандын эки жараны дагы деле бошотула элек

Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев Казакстандын ички иштер министринин орун басары, башкы прокурордун орун басары менен жолугушууда кыргызстандык жарандар Темиркан уулу Т., А. жана Өмүрбек уулу С.ны камактан бошотууга көмөк көрсөтүүнү суранды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Өмүрбек уулу С.нын иши боюнча отурум 2022-жылдын 17-февралында Райымбек райондук сотунда болот. Ал чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча кармалган. Экинчи кыргызстандык январь окуясында кармалган.

Ошондой эле тараптар Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыковдун камалгандардын арасында болгон Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин талкуулашканы маалымдалды.

«Кыргызстандын элчиси ар бир факты боюнча тыкыр жана объективдүү иликтөө жүргүзүп, окуянын бардык жагдайларын аныктоону өтүндү», — деп жазат басма сөз кызматы.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, казак тарап ар бир факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү юридикалык баа берилип, тыкыр иликтенип жатканы тууралуу маалымат берди. Алматыдагы январь окуясында А.Мусаев менен Б.Базарбаевдин өлүмүнүн чоо-жайы да такталууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>