Караколдо жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Караколдо жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Караколдо жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу унаасы бузулуп калып сыртка чыкканда артынан келе жаткан белгисиз автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Жабырлануучу күбөлөрдүн жардамы менен тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилген.

Бул кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Каракол шаарынын тургуну Ф. Николай кармалган. Ал «Фольксваген – Гольф-2» автоунаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп алгандыгын жана коркуп кетип, окуя болгон жерден качып кеткендигин мойнуна алган. Учурда бул сотко чейинки териштирүү иши башталган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>