Кардарлар насыясын убагында төлөй албай калса туум кошулбайт

Кардарлар насыясын убагында төлөй албай калса туум кошулбайт

Улуттук банктын чечимине ылайык, кардарлар насыялардын пайыздарын убагында төлөй албай калышса, ага айып пул же туум кошулбайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде  аталган банктын Ош облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Жумаш Сыдыков билдирди.

Ошондой эле насыя алгандарга 3 айга чейин кредиттик каникул берилип жатат. Анда зайымчылар алган насыясын узартып төлөө мүмкүнчүлүгүн алат. Бул маселе ар бир насыячы менен мамлекеттик жана коммерциялык банктар жеке иш алып барышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>