Жалал-Абад шаарындагы «Чынчыл күрөөкана» ишканасынын ээлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, аталган ишкана лицензиясы жок иштеп, акчаны 240 пайыз менен берип турушкан.
Андан тышкары күрөөгө коюлган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү төлөө мөөнөтү бүткөнчө сатып жиберип, кардарларды алдап келген.
Күрөөкананын ээлери А.С.М. жана М.Э.Т. га каршы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен алдамчылык айыбы менен иш козголду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз