Аламүдүн капчыгайында жоголгон Мукамбеталыны издөө токтотулду

Аламүдүн капчыгайында жоголгон Мукамбеталыны издөө токтотулду

Чүйдүн Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы Мукамбеталы Маматалы уулуну издөө убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Бүгүн аны 250 адам издеди, анын 145и Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары (1 кинолог, 1 кызматтык ит, 3 атчан), 6 дрон, 100ү ИИМдин кызматкерлери жана 5 волонтер катышты. Жалпы 18 техника тартылды. Бирок натыйжа болгон жок.

ӨКМ издөөнү 21-январда улантат.

Эскерте кетсек, Мукамбеталы Маматалы уулу 14-январдан бери дайынсыз болууда. Ал Чүйдөгү Аламүдүн капчыгайына карай бара жатканы ошол жактагы мейманкананын камерасына түшүп калган.

Мукамбеталы Маматалы уулу унутчаактык менен ооруй турганы белгилүү. Ал жоголгондон кийин башында туугандары жана милиция издей баштаган. 16-январда кечинде анын жакындары видеокайрылуу жасап, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көмөктөшпөй жатканын билдирген.

17-январдан тарта министр Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө издөө жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>