Бүгүн, 1-февралда парламенттик көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлигин карап жатат.
Улукбек Марипов көпчүлүк коалициясынын депутаттарына бул кызматка байланыштуу пландары жөнүндө айтып берди.
Талапкер белгилегедей, ал министрлер кабинетинин курамын кыскартууга ниеттенүүдө.
Эгерде сиздер мени жактырсаңыздар, анда бүгүн мен Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен Өкмөт түзүмүн жана курамын талкуулайм. Өкмөттүн 22 мүчөсүнүн 16сы калат, мен дагы ведомстволордо жана мамлекеттик мекемелерде кардиналдык реформаларды жүргүзүүнү пландап жатам, — деди Марипов.