«Каркыра» көзөмөл-өткөрмө бекети апрелден баштап иштейт

«Каркыра» көзөмөл-өткөрмө бекети апрелден баштап иштейт

Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» көзөмөл-өткөрмө бекети 1-апрелден тарта иштей баштайт. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Каркыра» бекети казак тараптын демилгеси менен ачылат. Аталган бекет саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Өткөрүү жайынан жарандар, транспорт каражаттары, жүктөр, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт.

“Казакстандагы эпидемиологиялык абалды жана карантиндик иш-чараларды эске алуу менен Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин жарандары Казакстанга бараарда коңшу өлкө киргизген чектөөлөр менен таанышуулары шарт”, — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка таянсак, «Каркыра» өткөрүү жайында электрондук виза боюнча өткөрүү жүргүзүлбөйт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>