Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти калыбына келтирүүнү, анын ичинде шаарды мыйзамсыз орнотулган объекттерден бошотууну улантууда. Бул туурасында Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Сүйүмбаев көчөсүндө (мурдагы Карпинка) тез тамактануучу жайларды бузуу иштери аяктады. Шаардын «Тазалык» кызматынын атайын бригадасы менен биргеликте 6 павильон толугу менен 3 күндүн ичинде бузулду.