Кыргызстанда жыл сайын кургак учукка 6 миңге жакын киши кабылат

Кыргызстанда жыл сайын кургак учукка 6 миңге жакын киши кабылат

Кыргызстанда жыл сайын кургак учуктун 5600 ашуун учурлары катталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабынан маалымдашты.

Кыргызстан дүйнөдөгү кургак учуктун дарыга туруктуу түрлөрүнүн деңгээли эң жогору болгон отуз өлкөгө кирет.

«Окумуштуулардын маалыматы боюнча, кургак учук сыяктуу аба аркылуу жугуучу респиратордук инфекциялардан жабыркаган адамдарда COVID-19 оор өтүү ыктымалдыгы жогору.

Акыркы маалыматтар коронавирус жана кургак учук менен ооруган адамдардын өлүмгө учуроо мүмкүндүгү кургак учукка гана кабылгандарга караганда жогору экенин көрсөтүүдө.

COVID-19 менен күрөшүү үчүн кургак учукка чалдыккандар коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуулары зарыл. Бул үчүн жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылуу кажет», — деп жазылат маалыматта.

Эмдөө алууга болбой турган учурлар:

  • курч респиратордук ооруларга кабылганда;
  • вакцинанын компоненттерине аллергия болсо;
  • өнөкөт оорулар күчөп жатканда;
  • сезгенүү процесстери жана интоксикация белгилери айкын кургак учуктун активдүү фазасында.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>