Карыпбеков: Гүлнурду колдойбуз дегендер силер мас болуп унаа айдоону колдоп атасыңар — видео

Карыпбеков: Гүлнурду колдойбуз дегендер силер мас болуп унаа айдоону колдоп атасыңар — видео

КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков Эл артисти Гүлнур Сатылганованын спирт ичимдигин ичип алып автоунаа айдап бара жатып жол инспекторлоруна кармалган видеосуз тууралуу пикирин билдирди.

Ал өз кайрылуусунда мыйзам баарына бирдей экенин айтып, «Гүлнурду колдойбуз» деп флешмоб уюштургандарды сындаган.

Алардын эл артистин бул окуяда колдойбуз дегени мас болуп автоунаа айдоону колдоо деп салыштырган.

Белгилей кетсек, 28-октябрда ЭлТр телеканалы мас абалында унаа айдап бараткан Гүлнур Сатылгановага жол инспекторлору айып салган тасманы жарыялап, ал коомчулуктун кызуу талкуусуна алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>