Каржы министрлиги «Керемет Банктын» 75% акциясын чет элдик компанияга сатты

27.12.2024 | 18:15

Каржы министрлиги «Керемет Банктын» 75% акциясын люксембургдук ALTAIR HOLDING S.A. компаниясына сатты. Бул тууралуу “Акчабар” каржы порталы жазды.

Маалым болгондой, буга чейин Каржы министрлиги «Керемет Банктын» 97,45% акциясына ээлик кылып келген. Ал 8,5 млрд сомго бааланып жаткан.

Калган 2,55% акциялар жеке жарандарга таандык болгон.

Министрлик өзүнүн 75% акциясын 6,5 млрд сомго саткан. Эми алардын колунда 2 млрд сомдук 22,45%дык акция калды.

«Керемет Банктын» 75%ын сатып алып, контролдук пакетке ээ болгон ALTAIR HOLDING S.A. Люксембургда “Де Ла Петрусс бульвары, 45-47” дарегинде катталган. Ал инвестиция тармагында иш алып барат.

Scroll to Top