Касымалиев Германия жана Австриянын ишкер чөйрөлөрү менен кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады

17.05.2025 | 12:33

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германия жана Австриядагы ардактуу консулдар, ошондой эле немис бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Ишкер делегацияны кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы Клаус Элердинг жетектеп барды.

Жолугушууда Касымалиев Кыргызстан менен Германия жана Австриянын ортосундагы саясий-экономикалык алакалардын тереңдеп жатканын белгилеп, мындан ары да кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ал өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшү тууралуу айтып, 2025-жылдын биринчи кварталында экономика 13,1% өсүш көрсөткөнүн маалымдады.

Тараптар “Кыргызстандагы Германиянын экономикасынын күндөрү” иш-чарасы, ошондой эле кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйыны жана бизнес-форумга даярдыктарды талкуулашты.

Немис ишкерлери Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти. Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташууну ар тараптан өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top