Катарлык холдинг Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго кызыкдар

Катар мамлекетинин Al Mansour холдинги Кыргызстандагы узак мөөнөттүү инвестициялык долбоорлорго кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабировдун аталган холдингдин делегациясы менен жолугушуусунда айтылды.
Жолугушууда тараптар Кыргызстанда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин, анын ичинде финансы жана банк секторундагы багыттарды, кендерди иштетүү, агроөнөр жай комплекси, логистика, курулуш жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү багыттарын талкуулашкан
Равшанбек Сабиров “Тамчы”, “Ала-Тоо Резорт”, “Асман-сити”, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолдору, жеткиликтүү аянтчалар, ошондой эле инвесторлорду мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу айтып берген.
Al Mansour Holding өкүлдөрү Кыргызстанда узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке киргизүүгө кызыкдар экенин айтып, Борбордук Азиядагы стратегиялык катышуу боюнча өз көз караштарын сунуштаган. Мындан тышкары конкреттүү демилгелерди андан ары иштеп чыгуу үчүн эксперттик топторду жөнөтүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.