Казак депутаты Жапаровдон аргымак алган акынды сындады. Президенттин жообу

Казак депутаты Жапаровдон аргымак алган акынды сындады. Президенттин жообу

Президент Садыр Жапаров казак акыны Биржан Калдыбаевге аргымак тартуу кылгандан кийин Казакстандын парламентинин мажилисинин депутаты, Казакстандын төкмө акындар уюмунун төрагасынын биринчи орун басары Аманжол Алтайдын айткан сынына жооп берди.

Белгилүү болгондой, жакында эле Чолпон-Атада көк бөрү боюнча клубдар арасындагы эл аралык кубок өткөрүлгөн. Мелдештин 13-августта өткөн ачылыш аземинде казак төкмө акыны Биржан Калдыбаев ырдап, иш-чарага катышып жаткан Садыр Жапаровдон аргымак сураган. Биржан Калдыбаев жамактап бүтөрү менен алып баруучу Асылбек Өзүбеков президент Жапаровдун атынан казак акынына аргымак тартууланганын билдирген. Кийинчерээк акын Бишкекке келгенден кийин ага убадаланган аргымак тапшырылган.

Жакында эле Казакстандын мажилисинин депутаты Аманжол Алтай Биржан Калдыбаевдин тартууга жылкы алганын сындап чыккан. Анын айтымында, Казакстанда Биржан Калдыбаев аттуу төкмө жок. Ал пейилинин ачыктыгын көрсөтүп, аргымак белек кылган кыргыз элине ыраазычылык билдирип, ошол эле учурда «ким көрүнгөндү көчөдөн таап алып, казак акыны катары эл алдына чыгарбоону» суранган. Ошондой эле, казак элинин өнөрүнүн кунун түшүрбөөнү талап кылган.

Ал билдиргендей, куштун кош канатындай боордош элдин достугу тууралуу «калп» ырчылар эмес, чыныгы урмат-сыйга татыган төкмөлөр ырдашы керек.

Аманжол Алтайдын сынынан кийин «Кабар» улуттук агенттиги президент Жапаровго кайрылып, аталган маселе боюнча оюн сураган. Президент казак акынына эмне себептен аргымак тартуу кылганын түшүндүрүп берген.

«Ооба, мен да соцтүйүндөрдөн бир боорубуз Аманжол Алтаевдин кайрылуусун окуп калдым. Албетте ыңгайсыз кайрылуу болду. Биринчиден, «Элчи менен ырчыга өлүм жок» дейт. Элчилер элчилигин кылат. Ырчылар, болгондо дагы төкмө акындар кай жерде болбосун ыңгайына жараша төгүп ырдай беришет. Сындап ырдашат, мактап ырдашат, бир нерсе сурап ырдашат. Андан кемчилик же саясат издөөнүн кереги жок.

Экинчиден, төкмө акын Биржан Калдыбаев кыргызга жээн болот экен. Мен казака жээнмин. Кайчылаш тайеке-жээн экенбиз. Менин бешинчи атам Солтонкулдун аялы Нооча энем казак кызы болгон.

Үчүнчүдөн, кыргыз-казак сөз баккан элбиз. Эгер мен ошол учурда аргымак мингизбей койсом качандыр бир убакта мени сөзгө жыгып ырдап чыкмак. «Тайкем мени жөө узатты, тайекемдин бир аргымакчалык алы жокпу» деп. Эгер мен ал жерге катышпасам, ал акындын ырдаганын укпасам башка кеп эле.

Ошондуктан Аманжол мырзага айтаарым эч качан ыңгайсыз абалда калган жоксуз. Эч кандай саясат жок. Болгону төкмө акын жээнимдин сөзүнө калбайын деп гана аргымак мингизе салдым. Ал эми Биржан Калдыбаев кандай акын экенин чынында мен деле билбейм. Мурда таанычу да эмесмин. Аны көчөдөгү акын дептир. Азыр көчөдөгү акын болсо балким бара-бара казак кыргыз элине таанымал акын болуп чыгып калаар? «Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет, карындагы баланын хан болоорун ким билет» дейт. Жаш бала экен. Колдоп турсаңар балким бара-бара таанымал акын болуп чыга келет. Казак менен кыргызды өзүбүздөн башка эч ким колдобойт. Бири-бирибизди колдоп турушубуз керек. Азыркы дүйнөлүк кырдаал курч болуп турат. Казак кыргыздын ортосуна чок салып жиберсек деп турган үчүнчү күчтөр дагы жок эмес. Андай адашуудан алыс болушубуз керек. Ортодогу ынтымакты бекем сактайлы. Ансыз деле аттын кашкасындай аз калкпыз», — дейт Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>