Кримтөбөл «Казактын» опузалоо боюнча иши жабылып, зордуктоо иши боюнча издөөгө алынды

Кримтөбөл «Казактын» опузалоо боюнча иши жабылып, зордуктоо иши боюнча издөөгө алынды

Кылмыш чөйрөсүндө «Казак» каймана аты менен таанымал Умар Маратовго карата «опузалоо» боюнча козголгон кылмыш иши жабылып, «зордуктоо» иши боюнча издөөгө алынды.

Белгилүү болгондой, Умар Маратовго карата Ош шаардык жана Ош облустук милициясында бирден кылмыш иши козголгон.

«Опузалоо» боюнча иш Ош шаарындагы Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан иликтенип жаткан.

Маратов менен анын 45 жаштагы шериги (Ж.А.) 2022-жылы Жалал-Абадда Бишкектин тургунунан Toyota Camry 70 унаасын тартып алган, кийин аны башка адамга сатып жиберген деп шектелишкен. Ал быйыл май айынын аяктарында Оштогу клубдардын биринде кармалган. Кийин Маратов 1 млн сом күрөө төлөгөндөн кийин Ош шаардык соту аны эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан чыгарган.

Reporter.kg’ге Ош шаардык милициясынан билдиришкендей, Умар Маратовго «опузалоо» боюнча козголгон кылмыш иши 11-июнда жабылган. Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн тергөө кызматынын маалыматы боюнча, жабырлануучу милицияга тосмо арыз менен кайрылып, шектүүлөр андан тартып алган унаасын кайтарып бергенин, эч кимге дооматы жок экенин билдирген. Ага байланыштуу иш өндүрүштөн кыскартылган.

Умар Маратовго укук коргоо органдары тарабынан козголгон экинчи кылмыш иши Ош облустук милициясында «зордуктоо» беренеси боюнча тергелүүдө.

Буга чейин «Азаттык» каргашалуу окуя 24-июнга караган түнү болгонун, милицияга төрт адамдын үстүнөн арыз түшкөнүн жазган. Кыздын жакындарынын айтымында, окуядан кийин ал катуу жабыркап, өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Жабыркаган кыздын туугандары милиция чара көрбөй жатканына арызданып, көз жуумп жатканын билдиришкен.

10-июлда Ош облустук милициясы Reporter.kg’ге Умар Маратовдун үстүнөн арыз түшкөнүн ырастап, бирок тергөөнүн купуялуулугу деп иш боюнча, Умар Маратов кармалып-кармалбаганын тактаган эмес. Болгону тергөө жүрүп жатканын билдирген.

24-августта Ош облустук милициясы Reporter.kg’ге билдиргендей, «зордуктоо» фактысы боюнча милицияга Умар Маратов менен дагы эки адамдын үстүнөн арыз түшкөн.

Азыркы тапта бул иш боюнча эч ким кармала элек. Умар Маратов издөөгө алынган. Милициядан билдиришкендей, Маратов кармалгандан кийин анын көрсөтмөсү боюнча калган эки адам кармалышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, «Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп саналат. Ал зордуктоого шектелген учур биринчи жолу болуп жаткан жок. Маратов 2020-жылы 26-майда шаардык сот тарабынан 16 жашар кызды зордуктаган деп айыпталып 10 жылга эркинен ажыратылган. Бирок кийинчерээк облустук жана Жогорку сот аны актаганы белгилүү.

Эки жыл мурда соттолгон «Казак» эмнеге абакта эмес? Соттун жообу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>