БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Казакстан аскердик продукциясынын экспортун бир жылга токтотот
29.08.2022 | 09:09
Казакстан аскердик продукциясын сыртка сатууну бир жылга токтотот. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой өкмөт башчы Алихан Смаилов Коргонуу өнөр жайы маселелери боюнча комиссиянын жыйынын өткөргөн. Анда Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин курал-жарак, аскердик техника жана аскердик багыттагы продукциянын экспортун 2023-жылдын август айынын соңуна чейин токтотуу сунушу каралып, колдоо тапкан.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар