Байкоңурдагы энергетикалык ишканада жумушчулардын массалык уулануусу болгонун жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 9-декабрда «Байкоңурэнерго» МИнин күйүүчү май менен камсыздоо цехинин алты кызматкери уулануу белгилери менен Россиянын ооруканасына дүйшөмбү күнү жеткирилди
Учурда жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна эч кандай коркунуч туудурбайт. Аларга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлдү.
Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, учурда бул факты боюнча Орусиянын Ички иштер министрлигинин Тергөө комитетинин Байкоңур комплексиндеги тергөө бөлүмү тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз