Казакстан кайрадан талаптары катуу карантин киргизүүнү пландоодо

Казакстан кайрадан талаптары катуу карантин киргизүүнү пландоодо

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөт кайрадан карантин киргизүүнү сунуштап жатканын 1-июлда билдирген.

«Өкмөт 5-июлдан тартып 14 күнгө (балким узартылат) карантин жарыялоо тууралуу планын сунуштады. Эртең жыйындан кийин саламаттык сактоо министри түшүндүрмө берет” деп президент “Твиттерге” жазып, карантин узартылышы ыктымалдыгын да белгиледи.

Эки күн мурда өкмөт мүчөлөрү менен видеожыйын учурунда Токаев өлкөгө катаал карантин киргизүүнү сунуш кылган.

Казакстанда 11-майда карантиндик чаралар жеңилдетилгенден кийин COVID-19 илдетине чалдыккандар кескин көбөйгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>