23-майдан тарта Казакстан ак жана камыш кантты экспорттоого тыюу салат. Тиешелүү буйрукка 2022-жылдын 4-майында аталган өлкөнүн айыл чарба министри Ербол Карашукеев кол койгон.
Тыюу алты айга күчүндө болот.
Казакстандын Айыл чарба министрлигине бул чаралардын колдонулушу жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына маалымат берүү тапшырылды.