Өкмөт: Тез жардам унааларын сатып алууга 169,3 млн сом бөлүндү

Өкмөт: Тез жардам унааларын сатып алууга 169,3 млн сом бөлүндү

Тез жардам унааларын сатып алууга 2022-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эсебинен 169,3 миллион сом бөлүндү.  Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

“Кабыл алынган чечимге ылайык, Финансы министрлиги Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине тез жардам унааларын сатып алууга 169 млн 347 миң 500 сом акча каражатын бөлүнсүн”, — деп айтылат маалыматта.

Бул бюджеттик каражаттар өкмөттүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык бөлүнгөн.

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 106, 115-беренелерине ылайык кабыл алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>