Апам ооруканада жатканда өз атам зордуктаган: Ыдыкка учураган кыздардын окуялары

Апам ооруканада жатканда өз атам зордуктаган: Ыдыкка учураган кыздардын окуялары

Евробиримдик жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) “Теңдик нуру” демилгесинин алкагында Кыргызстанда ыдык көрсөтүүгө каршы маалыматтык өнөктүк башталды.

Өнөктүктүн негизги максаты — ыдык көрсөтүүнүн түрлөрү тууралуу маалымат берип, ага кабылган окуяларды коомчулукка жеткирүү.

Маалымат боюнча, Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болот. (“Кыргызстандагы аял судьялардын ассоциациясы” жүргүзгөн изилдөө).

Ыдык көрсөтүү же харассмент – кимдир бирөөгө болгон олдоксон тамаша, кыймыл-аракет, мазактоо, сексуалдык ыдык көрсөтүү. Ыдык көрсөтүү жумушта, көчөдө, же социалдык тармактарда болушу мүмкүн.

Белгилүү актриса жана теле алып баруучу, инфлюенсер Назира Айтбекова ыдыкка учураган кыз-келиндердин окуяларын өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жарыялады. Анда жабырлануучулар башынан өткөн окуяларды жазышкан. Кээ бир кыз-келиндер көчөдө, коомдук транспортто, жумушта, туугандарынын үйүндө ыдык көрүшкөнүн жазышса, кээ бири өзүнүн атасы, бир туугандары тарабынан зордукталгандарын айтышкан.

Reporter.kg андагы үрөй учурган окуялардын бир бөлүгүн жарыялайт.

  • “Мен 15 жашта болчумун. Кош бойлуу апам ооруканада жатканда мени өзүмдүн эле атам зордуктаган. Буга апам дагы ишенбей койгон. Экинчи жолу мен ага далилдеп бердим. Бирок, апам 4 баласы менен андан кете албай турганын айткан”

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>