Кыргызстанда Жол кыймылына киргизүү институту иштей баштадыЭттин экспортунан түшкөн пайда фермерлерге эмес, ортомчуларга кетип жатат — Айыл чарба министрлигиБаткенде кытайлык ишкана күн электр станциясын куратӨКМ эскертет: Өлкө аймагында табигый кырсыктардын активдешүүсү күтүлүүдөБишкек менен Ошто «Франкофония жазы – 2026» фестивалы өткөрүлөтКыргызстандын эл артисти, белгилүү актёр Абдыкалык Акматов дүйнөдөн кайтты
Казакстандан келе жаткан 25 тонна пахта үрөнү артка кайтарылды
11.08.2025 | 17:03

Казакстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 25 тонна пахта үрөнү кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Чоң Капка өткөрмө постунда жүргүзүлгөн текшерүүдө фитосанитардык сертификатта 25 тонна пахта үрөнү катары көрсөтүлгөн жүк автотранспортто ташылып келген жүк менен дал келбегендиги аныкталган.
Башкача айтканда, унаада пахта үрөнүнүн ордуна сафлор өсүмдүгү табылган. Мындан улам жүктү артка кайтарылган.
Министрлик тиешелүү жактарга маалыматтарды тактап, документтерди тууралоо жана келечекте мындай катачылыктарды болтурбоону сунуштады.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар