Сенаттын депутаты Дарига Назарбаеванын ыйгарым укуктары токтотулду. Тиешелүү буйрукка өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгону Акорданын сайтына жарыяланды.
Анда буйругунан тышкары, эч кандай маалымат айтылган эмес.
Дарига Назарбаева — Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы. Ал тунгуч президент мамлекет башчылыгынан кеткенден кийин парламенттин сенатынын спикери болуп дайындалган.