Бишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды
Казакстанда доллардын курсу өсүүдө
01.04.2022 | 12:54
Доллардын теңгеге карата курсу жогорулап жатканын Tengrinews.kz Казакстан фондулук биржасынын (KASE) маалыматына таянуу менен билдирди.
Таңкы сооданын жыйынтыгында доллардын орточо салмактанып алынган курсу 4,10 теңгеге жогорулап, 471,13 теңгени түздү. Маалым болгондой, Улуттук банктын доллардын расмий курсу 1-апрелге карата 466,31 теңге.
Kurs.kz маалымдагандай, учурда Алматынын акча алмаштыруучу жайларында доллардын орточо сатып алуу курсу 471,85 теңге, сатууда 475,79 теңге. Нур-Султандын акча алмаштыруучу жайларында америкалык валюта орто эсеп менен 470,68 теңгеден сатып алынып, 474,79 теңгеден сатылууда.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар