Кыргызстандагы жети медициналык окуу жай жабылат. Тизме

Кыргызстандагы жети медициналык окуу жай жабылат. Тизме

Саламаттык сактоо министрлиги жеке менчик медициналык окуу жайлардын клиникалык базасын, шартын талдоо аяктаганын билдирди. Анын негизинде тизмедеги 17 мекеменин тогузунун клиникалык базасы жетишсиз, айрымдарында такыр эле жок экени аныкталган.

Мындан улам жети окуу жайдын лицензиясы жокко чыгаруу тууралуу Билим берүү министрлигине сунуш берилди.

Алар: Ош эл аралык медициналык университети; Кыргыз медико-стоматологиялык институту; Роэль Метрополитен университети; «Авиценна» эл аралык медицина университети; АВС Академиясы; Бишкек эл аралык медициналык институту; Медицина жана илим медициналык институту.

Мындан сырткары буга чейин форма №6ны албаган “Адам” университети, Илим жана бизнес эл аралык институту жана Бишкек финансы-экономика академиясына байланыштуу Билим берүү министрлигине кайрылды.

Ушул жылдын февраль айында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдө медициналык багытта билим берген 24 окуу жайдын 17си жабыларын билдирген. Аны бул жайларда окутуу талаптарга жооп бербегени менен негиздеген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>