Улуттук банк доллардын куну дароо көтөрүлүп кеткенинин себебин айтты

Улуттук банк доллардын куну дароо көтөрүлүп кеткенинин себебин айтты

АКШ долларынын курсунун төмөндөшүнө чет өлкө валютасына суроо-талаптан күч алуусу, ошондой эле Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү болгон өлкөлөрдүн улуттук валюталарынын АКШ долларына карата ошол кездеги чыңдалуусу таасир эткен. Бул туурасында Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка караганда, Учурдагы өзгөрүлмө алмашуу курсу боюнча чет өлкө валютасынын курсунун динамикасы ички валюта рыногундагы суроо –талаптын жана сунуштун балансынын негизинде аныкталат.

Мындан тышкары, АКШ долларынын кыргыз сомуна карата курсунун төмөндөөсү боюнча айтсак, алмашуу курсу калктын жана ар кандай бизнес- коомчулуктун чет өлкө валютасына карата суроо-талабы менен сунушунун учурдагы балансынан түзүлөт. Суроо-талап жана сунуштун балансына тышкы сыяктуу эле, ички факторлор да таасирин тийгизет. Демек, АКШ долларынын курсунун төмөндөөсүнө чет өлкө валютасынын сунушунун ага болгон суроо-талаптан артышы, ошондой эле Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн улуттук валюталарынын АКШ долларына карата бекемделиши таасирин тийгизген.

Улуттук банк ички валюта рыногунда жана тышкы финансылык рыноктордо түптөлгөн жагдайга дайым көз салып турат жана зарыл учурларда акча-кредит саясатынын негизинде тиешелүү чараларды көрөт.

Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында бүгүн, 30-март күнү Улуттук банк 5,4 млн АКШ доллары суммасында чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча валюта интервенциясын жүргүздү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>