Казакстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусунун жуктуруп алгандардын саны 60 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин 24.kz басылмасы жазды.
Ооруну жугузуп алгандардын 31и Нур-Султан шаарында, 25и Алматы шаарында ал эми 2 адам Карагынды шаарында болсо, Алматы жана Актөбө облустарынын аймагында бирден адам бул ооруга чалдыккан.
Коңшу өлкөдө коронавирустун алгачы учуру 13-мартта катталган.