Казакстанда Кыргыз киносунун күндөрү өтөт

23.01.2026 | 12:08

29-30-январь күндөрү Казакстандын борбору Астанада Кыргыз киносунун күндөрү өтөт. Иш-чара эки өлкөнүн ортосунда маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө максатында уюштурулууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

29-январда саат 18:00дө режиссёр Актан Арым Кубаттын «Кара, кызыл, сары» көркөм тасмасы көрсөтүлөт. Бул эмгек 27-Шанхай эл аралык кинофестивалынын «Алтын кубок» байгесин жеңип алган. Ошондой эле APSA Awards сыйлыгында ЮНЕСКОнун байгесине татыган жана Кыргызстандан «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөн.

30-январда саат 18:00дө режиссёр Дастан Жапар уулунун «Качкын» драмасы тартууланат. Тасма 2026-жылы «Ак Илбирс» улуттук киносыйлыгында «Мыкты тасма», «Мыкты сценарий» жана «Мыкты режиссёрдук иш» номинацияларында жеңишке жеткен. Ошондой эле ШКУ өлкөлөрүнүн фестивалында «Мыкты сценарий» байгесин алган.

Кино күндөрү «Mega Silk Way» соода борборунун «Chaplin Mega Silk Way» кинотеатрынын 4-залында өтөт. Тасмалар кыргыз тилинде, орусча субтитрлери менен сунушталат.

Scroll to Top