Казакстанда Кыргызстандын 5 жараны кармалды

Казакстанда Кыргызстандын 5 жараны кармалды

9-январга карата Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде Казакстандын компетенттүү органдары тарабынан Кыргызстандын 5 жараны кармалганы боюнча маалымат бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул маселе боюнча казак тарап менен тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Буга чейин нааразылык акцияларына катышкан деп айыпталган музыкант Викрам Рузахунов кармалганы маалымдалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, 10-январдын таңында ал бошотулган, ал Кыргызстанга алынып келинүүдө.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>