Аткезчилик: 10 млн. сомдун дары-дармеги кармалды

Аткезчилик: 10 млн. сомдун дары-дармеги кармалды

Кыргызстандын аймагына дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, 5-январда “Чоң-Капка авто-жол” контролдук өткөрүү пунктунда дары-дармектерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылуу учурунда Кыргызстандын “Т.А.” аттуу жаранынын башкаруусунда «Вольво» үлгүсүндөгү унаа кармалды.

Унааны текшерүү учурунда, жалпы суммасы болжол менен 10 миллион сомдон ашык болгон, ар түрдүү товарлар деп катылган, 224 кутуча дары-дармектер табылды. Ошол эле учурда бул дары-дармектердин тиешелүү документтери жок болуп, ташуудагы милдеттүү шарттар аткарылган эмес.

Белгилей кетсек, бул унаа Орусиядан келип, республикабыздын түштүк аймактары көздөй бара жаткан.

Учурда бул фактынын жагдайларын тактоо, анын ичинде контрабандалык жүктүн келип чыгышын жана чыныгы ээлерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>