Казакстанда Кыргызстандын кино күндөрү өтүүдө

27.10.2022 | 09:00

Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрүнүн алкагында Астана шаарында Кыргыз кино күндөрү өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти.

Кино күндөрүнүн ачылышы кечээ, 26-октябрда “Керуен” соода-оюн-зоок борборунда болгон. Ал 29-октябрга чейин уланат.

Бул саамалыктын алкагында казакстандык көрүүчүлөрдүн назарына Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала”, Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры”, Эмил Атагелдиевдин “Көл” жана Бакыт  Мукул менен Дастан Жапар уулунун “Акыркы көч” тасмалары сунушталат.

[image_carousel source=”media: 161907,161908,161909,161910,161911″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top