БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Казакстанда мечитте намаз учурунда мушташ чыкты (видео)
15.05.2024 | 14:28
Казакстандын Шымкент шаарындагы мечиттердин биринде намаз учурунда мушташ чыкты. Анын видеосу социалдык тармакка жарыяланды.
Анда намаз учурунда бир киши бир катарда турган мусулманды оозго бир коюп, андан ары экөө төбөлөшө кеткенин көрүүгө болот. Мечиттеги кишилер экөөнү ажыратканга киришет.
Казакстандын муфтиятынын маалыматында, окуя 12-майда болгон. Анда башка аймактан келген кишилер бир нече күн бою мечиттин тынчтыгын жана тартибин бузуп келген.
“Алар намазды башкача окуп, имамдын эскертүүсүнө көңүл бөлүшкөн эмес. Ал күнү дагы намаз учурунда “оомин” деп үнүн чыгарып айтканда, башка мусулман ага кол көтөргөн. Имам намазды токтотууга аргасыз болгон. Окуя болгон жерге полиция чакырылган”, – дейт муфтият.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом