Аты-жөнү айтылбаган 38 жаштагы тургун «Жашы жете элек кызга сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү» жана «Жашы жете эле кызды зордуктоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.
Өкүмгө ылайык, мындан тышкары соттолуучу жабырлануучу тарапка беш миллион теңге (13 миң долларга жакын) төлөп бериши керек. Азырынча өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек.
Таразда 12 жаштагы окуучу кыз мектептин короосундагы дааратканада зордукталганы өткөн жылы ноябрда кабарланган. Бул кылмышка шектүү катары 38 жаштагы адам кармалып, камакка алынган. Маалыматтарга караганда, ал мектептин аймагындагы видеокөзөмөл камерасына түшүп калган.