Уралдык судья иштеген жеринде каза болгонун «Мой город» порталы жазып чыкты.
Маалымка караганда, Урал шаардык сотунун тергөө судьясы Нурлан Губашев жумуш ордунда каза болгон. Бул маалыматты Батыш-Казакстан облусунун ички иштер башкармалыгы тастыктады. Маркумдун денесинде зордук-зомбулуктун белгилери жок.
Батыш-Казакстан облусунун саламаттыкты сактоо башкармалыгынан кабарлашкандай, чакыруу саат 9:48де түшкөн. 1968-жылы туулган адам жумуш ордунда күтүүсүздөн ооруп калган. Телефон чалуучунун айтымында, адам кыңылдап эсин жоготуп жыгылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз