Казакстанда жүк ташуучу поезд рельстен чыгып кетти. Бул тууралуу социалдык тармактардын колдонуучулары билдиришти.
Окуя Караганда облусунун Мойынты жана Сарышаган станцияларынын ортосунда болгон.
Казакстанда «Темир Жолу» ишканасы окуя кечээ түштөн кийин болгонун түшүндүрдү.
«Кырсыктын келип чыгышына поезддин каптал рамасынын сынышы себеп болгон», — деп билдирет Orda.kz.